Ошто селге агып кеткен бешинчи аялдын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды

Ошто селге агып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайын, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү өзбекстандык куткаруучулар тарабынан бүгүн, 16-июлда Андижан шаарындагы сайдан табышты.

Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой, изделип жаткан жаран 14-июль күнү Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.