Ысык-Көлдө 1,63 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Карасаев айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Тийиштүү иликтөө иштеринин натыйжасында сметалык баасы 20 млн 110 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө муниципалдык менчикке кайтарылды.