Бишкек шаарына жаңы прокурор дайындалды

Насипов Канат Жумалиевич Бишкек шаарынын прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев кол койду.

Канат Насиповду прокуратуранын жамаатына башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов тааныштырды.