Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Казакстандын “FlyArystan” авиакомпаниясы 16-июндан тартып Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарып баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.

Каттамды Airbus A320 учагы ишке ашырат. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.

Авикаттам аптасына 2 жолу, экинчи күнү жана базар күндөрү аткарылат. “Манас” эл аралык аэропорту аталган каттамга байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга түз байланышууну сунуштайт.

“FlyArystan” авиакомпаниясы Астана-Бишкек-Астана авиакаттамын биринчи ирет 2023-жылы июнда ишке ашырган. Ал бир топ убакыт аткарылып, ортодо кайра токтоп калган. Каттам ишке ашырылганга чейин Бишкектен Астанага барчулар алгач Алматыга жетип, андан ары Астанага учушчу.

2023-жылы Баку-Бишкек-Баку жана Анкара-Бишкек-Анкара авиакаттамдары биринчи ирет ишке киришкен. 2024-жылдын башынан тартып Бишкек-Бээжин-Бишкек аба каттамы жаңыдан ачылган.

Казакстандын, Азербайжандын, Кытайдын башка шаарларына каттамдар мурда эле бар болчу. “Манас” эл аралык аэропортунан мындан сырткары дүйнөнүн ондогон шаарларына каттамдар ишке ашырылып келет. (ErN)