Камчыбек Ташиев Курманкул Зулушевдин отставкасы боюнча үн катты

Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган башкы прокурор болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ал дагын өлкөгө көп кызматын көрсөтөт, сагызган сайрай берет үнү эч кимге жакпаганын сезбестен, дагы бирди коргусу келип калса керек, Мекенин саткан чыккынчы болду бул сагызган!», — деп жазды ал.