Кыргызстанда 28-майга карата 69 миң 919 бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
- Ош облусу – 13 926 бала катталды;
- Жалал-Абад облусу – 13 956;
- Чүй облусу – 10 956;
- Баткен облусу – 8153;
- Ысык- Көл облусу – 6291;
- Нарын облусу – 3998;
- Талас облусу – 3616;
- Бишкек шаары – 6811;
- Ош шаары – 2212.
- Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.