Акылбек Жапаров район акимдерин кабыл алып, иш жүргүзүүдө бир катар багыттарды берди 

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондук мамлекеттик администрация башчылары –акимдерди, облустук маанидеги мэрлерди, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык райондук администрация башчыларын кабыл алды.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда жүргүзүлүп жаткан өлкө айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары бериле башташы керектигин билдирди.

Мындан тышкары, өлкөдө регионалдык деңгээлдеги “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу сыяктуу масштабдуу долбоорлордун ишке ашырылышында жергиликтүү мамлекеттик органдарга тиешелүү милдеттер так аткарылышын белгиледи.

“Мамлекет башчыбыз тарабынан, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер, ченемдик укуктук актылар кынтыксыз аткарылышы керек. Сиздер дагы аймакка инвестиция тартууну колго алыңыздар. Аймакты өнүктүрүү боюнча натыйжалуу долбоор даярдап келсеңиздер министрлер кабинети дайым колдоого даяр. Мындан тышкары Өнүктүрүү фонддорунун ишин жакшылап алып барыңыздар. Бул боюнча өзгөчө көзөмөл болот”, – деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров отурумдун катышуучуларына ишти жеңилдеткен санарип технологиясына токтолуп, акимдерди заман агымынан артта калбоого чакырды.

“Учурда технологиянын жардамы менен ишти жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Интернеттин, атайын тиркемелердин жардамы менен да долбоорлорду даярдаса болот. Заманбап болууга чакырам. Ар бир районго каражат бөлүнөт, бирок мастер-планыңар болсун. Анан албетте тартип жана тазалык болушу керек”, – деди ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-16-май күндөрү КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн квалификациялык жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө. Окуу курстарынын экинчи этабы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн 20-23-май күндөрү өткөрүлөт.