УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип УКТ менен байланышы бар жаран кармалды 

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Аны менен катар, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. атуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 млн долларды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Мындан тышкары, А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.