УКМК издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалгандыгын билдирди 

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн “KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

“Тактап айтканда, И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин КР УКМК тарабынан 1983-жылы 2-августта туулган КР жараны Ташов Имамидин Асамидинович, коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Издөөдө жүргөн И. Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.