Майда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен майда кыргызстандыктар канча күн эс аларын эске салышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленди.

  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.

2024-жылдын 2-майынын (бейшемби) ордуна 2024-жылдын 6-майында иш күнү, 2024-жылдын 3-майынын ордуна (жума) 2024-жылдын 11-майында иш күнү болот (ишемби).

Ошондой эле, 2024-жылдын 9-майы расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.

Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 1, 6 жана 9-майында эс алат.