Ататүрк сейил багында 198 объект буздурулууга тийиш – Бишкек мэри

 Ататүрк атындагы сейин багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бул чечимдин максаты практын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат.

“Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүүгө байланыштуу 124 чечимди жокко чыгарат дегенди билдирет. Жер тилкелерин кайтарып алуу, мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул жокко чыгарылган чечимдерге 198 объект кирет”, – деди ал.

Калаа башчысы белгилегендей, бардык объектилерди буза турган максатыбыз жок, парктын чек арасын өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына ылайык келтирүү милдети гана турат.