Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен “мефедрон” психотроптук заты табылып, алынды

Ички иштер министринин тапшырмасы менен жана ИИМдин коллегиясынын чечимдерин аткаруу максатында 2024-жылдын 14-апрелинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жаштар арасында, ошондой эле борбордун конокторунун арасында баңгизат каражаттарын сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоо жана тиешелүү мыйзамдуу чараларды көрүү максатында, атайын операциялар отрядынын күч колдоосунда Бишкек шаары боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Түнкү клубда тинтүү иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган Л.В.А. аттуу жарандын жеке текшерүүсү жүргүзүлүп, “мефедрон” психотроптук заты табылып, алынган. Эмеректерди тинтүү иштеринин жүрүшүндө курамында химиянын өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошоктуу, болжолдуу түрдө “мефедрон” психотроптук заты бар эки целлофан зип пакети табылган. Бардык кармалган фактылар боюнча экспертиза дайындалды.

Баңги каражаттарын колдонгон деп шектелген түнкү жайдын келүүчүлөрү жана кызматкерлери медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлгөн, анда түнкү жайдын ээси 2000-жылы туулган Н.С.С., жана кармалган Л.В.А. жарандарда баңгизат жана психотроптук заттардын таасиринде тургандыгы аныкталган.

Тергөө иштерин жүргүзүү жана түшүндүрүү-алдын алуу иштерди жүргүзүү үчүн милицияга жетекчилиги, тейлөөчү курамы жана түнкү клубдун келүүчүлөрү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне жеткирилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам – тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, ушундай сыяктуу атайын иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.