Башка тилдерге каршы болбошубуз керек — президент Садыр Жапаров

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, буга бир катар мисалдарды келтирди. Ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан төрага, бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз деп чочулады. Чын эле эне тилибиз жоголуп кетүү коркунучундабы? “Кабар” агенттиги бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин укту.

— Садыр Нургожоевич, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев интернетте орусча, англисче тилдердеги бардык контенттерди бөгөттөп, кыргыз тилинде гана калтырууну сунуштады. Ал муну аймактарда жаш балдардын тили кыргыз тилинде эмес, орус жана англис тилинде чыгып жатат деп түшүндүрдү? Ошондой эле, балдардын ысымдары ашыкча арабдашып кеткен деп нааразы болду. Төраганын мындай пикири учурда соцтармакта кызуу талкууда. Бул маселеге карата сиздин пикирди билсек?

— Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка.

Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. Баарлашуунун куралы болгон бул эки тил БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын негизги тилдеринин бири катары кеңири колдонуларын баарыбыз билебиз.

КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.

Өздөрү айтышат “Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз” деп.

Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тилчилерге муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиннен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес, беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе, ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнөт.

Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек. Ал эми кыргыз тили эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр