Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлөт

Парламент үчүнчү окууда ата-энелерди бала бакчалардагы тамак-ашка төлөөгө милдеттендирген норманы четке какты.

Мыйзам долбоорунда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесин күчүн жоготту деп табуу сунушталууда. Мыйзам долбоорунда балдарды бала бакчалардагы тамак-аш менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү каралган.

Буга чейин Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим алуусу боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка ата-энелер тарабынан гана төлөө ченемин алып салуу болуп саналарын айткан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу сунушталган.