Түркия биричи жолу Кыргызстан жаранына пенсия чектеди

Түркия биринчи жолу Кыргызстандын жаранына пенсия чектеди. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 237 суроо-талап жиберилген, 235 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилген.

Келишимдин алкагында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 1 жаранына пенсия чектеди.