Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлө баштайт

Бүгүн, 25-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек шаарындагы 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы жөнүндө» буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жылуулук берүүнүн өчүрүү тууралуу чечим март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасын эске алуу менен кабыл алынды.