Москва райондук сотунун судьясы 1,5 миң доллар пара талап кылганы белгилүү болду

Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан демилгеленген материалдардын алкагында башкы прокурор тарабынан Чүй облусунун Москва райондук сотунун Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K. аттуу судьяларына карата 337-берене «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 342-берене «Пара алуу», 343-берене «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды тартуу менен соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында судьялар тарабынан туруктуу коррупциялык схема уюштурулган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.

Б.Т.К. УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Жазаларды аткаруу кызматынын № 1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда Чүй облусунун Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.