Интерпол тарабынан издөөгө алган чет элдик жаран Бишкекте кармалды

Бишкектин милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаранын кармашты. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Алдамчылык үчүн Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Ага Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 2021-жылы издөө жарыялаган», — деп айтылат маалыматта. Учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселеси каралууда.