Иран 4-февралдан тарта Беларусь, Катар, Кыргызстан, Мексика, БАЭ, Сауд Арабия, Сербия, Өзбекстан жана Япония баш болгон 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жойду. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Бигдели IRNA маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин 28 мамлекет үчүн визаны жокко чыгаруу жарлыгы жөнүндө тиешелүү органдарга кабарланган.
«Иранга туристтик максатта бара турган бул 28 өлкөнүн жарандарына 4- февралдан тарта виза кереги жок», — деди Алиреза Бигдели.