
«Тазалык» ар бир кечиктирилген төлөм күнү үчүн 0,1 пайыз өлчөмүндө туум жазат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасы 2024-жылдын январь айынан баштап төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн 0,1 пайыз өлчөмүндө туум жазат. Туум катуу калдыктарды чыгаруу боюнча жарандар менен түзүлгөн ачык келишимдин 3.2.2-пунктуна жана чарбалык субъектилер менен катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдөгү 4.3-пунктуна ылайык алынат.