V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрь аралыгында Астана шаарында өтөт, деп билдирет Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги.
Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт: Анын ичинде:
- ат чабыш;
- күрөштүн улуттук түрлдөрү;
- салттуу интеллектуалдык оюндар;
- согуш өнөрү боюнча мелдештер;
- ок атуу;
- канаттуулар менен аңчылык;
- ат үстүндөгү мелдештер;
- элдик оюндар;
- спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр.
- “Астанада “Көчмөндөр ааламы” этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат”, – дешет уюштуруучулар.
- V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну “Улуу талаадагы жолугушуу” (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.