“Ихсан” турак жай кооперативи бүгүнкү күндө ишин улантып жатканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

Кооперативге көптөгөн жарандар катталып, турак жай алганы белгилүү. Алар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча төлөп келет, мындан улам ишмердүүлүк уланып жатканы айтылды.

Бирок ошол эле учурда аталган компанияга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, кооперативдин 3 кызматкерине 796дан ашык факты боюнча, түштүк региондогу филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

Ички иштер министрлиги мындан улам элге кайрылып, турак жай сатып алуудан мурда курулуш компания тууралуу маалыматты, жердин кызыл китеби менен лицензиянын бар-жогун, курулуштун сапатын тыкыр текшерүү керектигин эскертет.