2023-жылы өлкө боюнча жашоо минимуму орто эсеп менен 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га өскөн.
“Жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8 миң 579 сом, пенсия курагындагыларга 6 миң 816 сом, балдар үчүн 6 миң 544 сом деп эсептелди”, – деп маалымдады ал.
Керималиева кошумчалагандай, 2023-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталып, 7 миң 931 сомду түзсө, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчү Талас облусунда катталып, 7 миң 130 сом болгон.