Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14 мекеменин 3 тарбиялануучусуна жана тергөө изоляторунда кармалган 2 өспүрүмгө өлкөнүн жарандык паспорттору тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, өспүрүмдөрдүн жашоосундагы бул маанилүү окуя колониянын кызматкерлеринин аракети менен ишке ашты.
Өздүк күбөлүк КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 токтомуна ылайык алынды. Эске салсак, бул токтом ЖАТтын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга жана шектүү же айыпталуучу катары кармалган адамдарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жаранынын паспортун тариздөө жана берүү үчүн документтерди кабыл алууну регламенттөөгө багытталган.
Жалпысынан 2023-жылдын башынан бери №14 мекеменин отряд башчылары 15 соттолгон жана камакка алынган өспүрүмдөрдү паспорт менен камсыз кылышкан.