Казакстандын Тараз шаарында шотокан каратэ-до боюнча кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор, ардагерлер арасында Азиянын ачык чемпионаты жана балдар арасында ачык Азия кубогу өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 23-декабрдан 24-декабрга чейин өткөн мелдешке Шотокан каратэ-до федерациясынан 19 спортчу катышты.
Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.
Кумите программасы боюнча 8-9 жаш куракта:
Кызжибек Жаныбекова – коло;
Матвей Паладин – коло;
кумите программасы боюнча 10-11 жаш куракта:
Рауф Кыдыралиев – алтын;
Амантай Абдимиталипов – күмүш;
кумите программасы боюнча 14-15 жаш куракта:
Бакытбек Жузмалиев – коло.
кумите программасы боюнча 16-17 жаш куракта:
Адилхан Моңолдоров – коло.
8-9 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:
Атабек Эсеналыев – алтын;
Нурмухамед Матраимов – алтын;
Алибек Эсеналыев – күмүш;
Эмирлан Рабшанов – күмүш;
Баян Канатбеков – күмүш;
16-17 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:
Самуил Койчубеков – коло;
Абубакир Аширбеков – коло.
18 жаштан жогорку курактагылар командалык кумите программасы боюнча:
Батырхан Мукайбеков – алтын.