Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик 10 балатынын катарына кирди. Бул тууралуу ТурСтат жазды.
ТурСтаттын рейтингине ылайык, КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик 10 жаңы жылдык балаты:
- Ашхабад — 44 метр,
- Ереван — 37 метр,
- Ташкент — 35 метр,
- Баку — 34 метр,
- Бишкек — 32 метр,
- Минск — 30 метр,
- Душанбе — 30 метр,
- Москва — 25 метр,
- Астана — 25 метр,
- Алмата — 20 метр.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн борборлорундагы негизги жаңы жылдык балатылардын ичинен жалгыз жандуу балаты Кремлдеги Собор аянтында орнотулгандыгы айтылат. Анын бийиктиги 25 метр.