Бишкекте мектептин 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды

Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 36 жаштагы жаран куткарылды.

ӨКМден кабарлашкандай, жерине 10 куткаруучу тартылган.

“Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайы альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, куткарылган жаран мектептин кызматкери эмес.

Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.