Президент Нурдан Орунтаевди Мамкурулуш агенттигине директор кылып дайындады

Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Орунтаев буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын аркалап келген.