“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын директорунун камактагы мөөнөтү узартылды

 “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 2024-жылдын 4-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Белгилей кетсек, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча айыпталууда.