Президент спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди 

Президент Садыр Жапаров спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди.

Аларга күн мурун Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо – мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.