Таласта алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Таласта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү  тарабынан издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Алдын ала маалыматтарга ылайык шектүү Бишкек жаранынан шериктери менен бирге  там алып беребиз деп  28 000 АКШ долларын алып, иизин жашырып качып жүргөн. Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө издөө жарыяланган. Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде шектүү 1985-ж.т. У.Ж. жүргөн жери аныкталган. Ал Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Маймак айылынан тоо таштардын арасынан кармалган. Кармалган жаран 16-октябрь күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.