
Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келгендиктен, министрлер кабинети 6-ноябрь – дүйшөмбүнү 11-ноябрь -ишембиге жылдырууну бекиткен.
Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштейт.