Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Көл районунун аймагында жергиликтүү тургун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Д.Б. болуп чыкты.
Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган баңгизат таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн марихуана болуп чыккан.
Райондук соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.