Home Окуялар тизмеги Улан Ниязбеков: Жол коопсуздугун камсыздоого жооптуу болгон жетекчилердин жоопкерчилиги коллегияда каралат
Бүгүн, 25-сентябрь күнү онлайн режиминде өткөн кеңешмеге министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Анда жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана кол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
“Жол кырсыктары биздин өлкөдө эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Жол кырсыктарынын санынын өсүшү бир катар факторлордон турат. Унаалардын көбөйүшү, сапатсыз айдоочулардын даярдалышы, жол инфра-түзүмүнүн талапка ылайык келбегени – негизги себептер болуп эсептелет. Аталган факторлорду эске алып, заманбап технологиялардын жана таасирдүү пропагандалык ишмердиктин натыйжасында, жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча баарыңыздар талыкпаган жумуштарды алып барыңыздар.
Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында профилактика иштерин туура жүргүзүп, унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырам. Жол коопсуздугу баардык адамдардын жашоосундагы маанилүү орунда турат. Анткени, дүйнөнү кыдырып жолго чыккан турист болобу же жергиликтүү тургун болобу, биринчи кезекте унаа каттамдарына көңүл бурат.
Быйылкы жайкы туристтик сезон учурунда, интернет социалдык түйүндөрүнө унаа кырсыктары боюнча мезгил-мезгили менен видео-тасмалар чыгып, алардын арасында үй-бүлөсү менен каза болгон фактылар да орун алып, коомчулуктун үрөйүн учурган жагдайларды баарыңыздар жакшы билесиздер. Былтыркы туристтик мезгилге караганда, же тактап айтканда 13-майдан 31-августка чейин жол кырсыктары болгону 21 фактыга гана төмөндөгөн.
Бирок ошого карабастан бул багытта ишти ар тараптуу күчөтүү керек. Бул маселени биз тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган коллегияда кеңири талкуулдап чечимдерди кабыл алабыз. Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды, ошондуктан иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды алып барыңыздар деп дагы бир жолу эскертем”, деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.