Накталай төлөм алган айдоочуларга чара көрүлөт. Бишкекте автобустарда рейд жүрүүдө

Young female passenger paying the bus fare with a contacless smart card

Бүгүн, 25-сентябрь Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлери автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча рейд өткөрүп, каттамдарды текшерүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө автобус айдоочуларына накталай акча алууга тыюу салынары, жол кире акысы накталай эмес жолу аркылуу жүргүзүлөрү эскертилди.

“Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөт.

Фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 вотсап номерине жөнөтсөңүздөр болот”, – деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

– үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

– Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

– виртуалдуу NFC картасы;

– Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

– Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.