Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

 Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн лицензия утуп алды.

Ал Сербиядагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып, 62 килограмм салмакка чейинки спортчулар арасында күч сынады. Тыныбекова катары менен 4 жолу жеңишке жетти. Тактап айтканда, Польша, Молдова, Украина жана Германиянын спортчуларын утуп, финалга чыкты. Финалдык беттеш 21-сентябрда өтөт. Кыргызстандык балбан кыз финалда япониялык Сакура Мотоки менен күрөшөт. Анын жыйынтыгына карабастан Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Буга чейин ушул эле чемпионатта кыргызстандык Айпери Медет кызы олимпиадалык лицензия алган болчу.