Бишкекте коомдук транспорт бүгүн түнкү саат 01:00гө чейин иштейт

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте коомдук транспорт саат 01:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Муниципалитет кечинде «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт уюштурулуп, түн жарымга жакын аяктай турганын эскертти.

1-сентябрдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимге кайтат.