
Астана шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери маанилүү маселелерди талкуулашууда. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч өлкөнүн энергетика министрлеринин жолугушуусунда аймактагы суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкка багытталган маселелер каралууда.
Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен трансчегаралык гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Камбарота-1 ГЭСи долбоору жана суу-энергетикалык ресурстар тармагындагы байланыштарды чыңдоо, күз-кыш мезгилинде кызматташуу, электр энергиясын жана башка ресурстарды өз ара жеткирүү маселелери талкууланууда.