ВИДЕО: Садыр Жапаров убада кылган аргымак казак акынына берилди

Казак акыны Биржан Калыбаевге президент Садыр Жапаров убада кылган аргымак берилди. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Эске салсак, 13-августта өткөн Көк бөрү боюнча чемпионатында президент Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан.

Акын кыргызга жээн экенин белгилеген.