
Талас шаарындагы Э. Кутманалиев атындагы стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден кийин бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
«Бүгүнкү күндө стадиондун трибунасындагы отургучтарды толугу менен алмаштыруу жана тепкичтерин заман талаптарына келтирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.