ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды

    Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
    Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча көп этаптуу атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү.

    a200b643 0fa5 470d 9558 d3a3543d35df ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды


    ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери УКМКнын жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүп, Кыргыз Республикасына жана чек арага жакын өлкөлөргө сатууну уюштурган адамдарга карата узак убакыт бою ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.


    2023-жылдын июнь айында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ИИМдин Тергөө кызматы, УКМК жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте Бишкек ШИИББнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен Чүй облусунда ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан. Кармалган 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган тургуну С.Т. болушат. Алардын “Киа Оптима” унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 кг 750 гр болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.
    Мындан тышкары, жогоруда жарандар жашаган үйүндө “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.
    Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы кичирайондорунун биринде аталган баңгилабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 кг чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганында айткан.
    Ошондой эле, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган. Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү “Экстази” психотроптук каражаты катылган 10 жер табылган.


    Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржыло криптовалюталар аркылуу ишке ашык келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан.
    Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 кг ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылып алынган.
    Кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 млн. 875 миң АКШ долларын) түзүшү мүмкүн.
    Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази” жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган.
    Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

    f8a2b806 4e13 4cdc 8e50 e525cc4df1a9 ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды
    50a94610 957c 4c68 8294 2146b417345f ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды
    1 9 ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды
    3e67d22c 367d 472c a148 931dee756453 ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды
    2 3 ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды
    b5bc21b4 5cae 49a2 8ad7 cb89af3cb103 ВИДЕО: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды