
«Вебкам» студияларынын тармагын уюштурган Даниэл Ажиевдин бөгөт чарасы узартылып, ал дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ажиевдин бөгөт чарасын узартуу маселеси бүгүн, 24-июлда райондук сотто каралып, сот аны 29-сентябрга чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
Эскерте кетсек, УКМК Даниэл Ажиевдин кармалганы тууралуу 5-июнда кабарлаган. Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Даниэл Ажиев «вебкам» деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топту жетектеп келген.
Белгилүү болгондой, Ажиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда өлкөдөн чыгып кетип, Өзбекстан аркылуу БАЭге качып кетүүгө аракет кылганда кармалган. 4-июнда ал УКМКга өткөрүлүп берилген.
Андан кийин ал райондук соттун чечими менен 29-июлга чейин камакка алынган.