
май айында коррупцияга шектелип кармалып, андан соң үй камагына чыккан кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун мурунку жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов жумушка чыкты.
Темирбек Эркинов кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынганын жана ал министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси экени маалымдалды.
Темирбек Эркинов ишке чыкканын 21-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткандагы сүрөттөрдөн да көрүүгө болот.
