Ташиев министрлерге: Көлдө шорта кийип, кактанып жатканыңарды көрбөйүн

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлерге кыска шым кийип алып, сууга түшүп, күнгө кактанып эс алууга тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 20-июлдагы биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын караган жыйынында айтты.

«Чиновниктер, айрыкча министрлер! Урматтуу министрлер, биз көп ишетишибиз керек. Министрмин деп эле креслодо отуруп алып, ары жак, бери жакка машина менен кайкаңдап же көлгө барып, эл дем алып жатат, мен да дем алам дегенди токтотушубуз керек. Биз көп иштешибиз керек. Дем алуу деген бизде болбошу керек. Көлдө шорта кийип алып, күнгө кактанып жаткан бир дагы министр болбошу керек. Эсиңерге түйгүлө.

Урматтуу министрлер, көлдө шорта кийип, кактанып жатканыңарды көрбөйүн. Мен бул боюнча өзүм дагы чара көрөм. Эс алгыла, бирок үйүңөрдө. Министр болуп келдиңерби, иштегиле. Бизде эс алуу деген болбойт», – деди К.Ташиев.