Дарыгерлер 7 айлык наристени аман алып калышты

Бишкекте дарыгерлер 7 айлык наристени аман алып калышты. Бул тууралуу балдар хирургу Калыбек Мыкыев жазды.

«7 айлык балага алма берип коюшкан. Аба жетишпегендиктен эс-учун жоготкон. Баланы сактап калуу үчүн бир мезгилде 6 дарыгер иштеп жаттык. Эки бронх алманын калдыктарына толуп калган экен. Кудай буйруса жакшы бүттү, бирок алдыда реабилитация керек. Ата-энелер, этият болгула»,— деп жазды хирург.