Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тартип бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.
Мэриянын маалыматына караганда, 13-июль күнү саат 07:00дөн баштап таштандыларды белгиленбеген жайга таштоо фактысы боюнча рейд жүргүзүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү.
Эреже бузгандардын тизмеси:
— «Бимед Фарм» ЖЧКсына таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып пул салынды;
— «Аманбанк» ААКсына таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып;
— «Милан Групп компаниялары» ЖЧКсы таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом;
— «Гемени плюс» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабаганы үчүн 13 000 сом;
— «Ассорти Шаурма» ишканасына белгиленбеген жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн 5500 сом;
— Таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн ишкер Э.Коңурбаевага 17000 сом;
— «Мамалак» дүкөнүнө таштандыны белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 5500 сом айып пул салынды .
Объекттин айланасында радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миңге чейинки өлчөмүндө жана 115-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралган.
![whatsapp image 2023 07 14 at 13.48.26 1200x630 1 Бишкекте муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp-image-2023-07-14-at-13.48.26-1200x630-1.jpeg)