Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болду

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Артыкбаев тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

Эскерте кетсек, 9-11-июлда Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Анын алкагында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылышы болот.