Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгиленет

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Иш-чараларды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

Кызматы боюнча:
– Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
– Билим берүү жана илим министри;
– Тышкы иштер министри;
– Финансы министри;
– Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
– Бишкек шаарынын мэри;
– Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
– Улуттук илимдер академиясынын президенти;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
– Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
– Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким (макулдашуу боюнча);
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору;
– “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;
– Кыргызстан Кинематографисттер союзунун коомдук бирикмесинин төрагасы;
– Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
– Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору;
– Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору;
– “Кыргыз Туусу”гезитинин башкы редактору;
– “Эркин-Тоо”гезитинин башкы редактору.
Жекече:
– Ажыбекова Гулсайра Ажыбековна-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
– Бекболиев Эгемберди Жайлообекович-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча).