Жапаров Ысык-Көлдүн башчысы Иманбетовго сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров тарабынан Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетовго сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысына сөгүш президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгын жетиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн берилген.

«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек. Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген», — деп айтылат маалыматта.