Мексиканын мэри крокодилге үйлөндү

Мексиканын Сан-Педро Уамелула шаарынын мэри крокодил менен үлпөт тоюн өткөрдү.

«Мен жоопкерчиликти алам, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз. Мына ошол маанилүү. Сүйүүсүз нике болушу мүмкүн эмес… Мен ханбийке кызга үйлөнүүгө макулмун”, – деди мэр Виктор Гюго Соса.

Сойлоп жүрүүчүгө Алисия Адриана деген ысым ыйгарылды.

Сан-Педро Гуамелула шаарынын мэри акылынан адашкан жок, ал жөн гана өз милдетин аткарып жатат. Чынында, 1789-жылдан бери катуу сакталып келе жаткан салт боюнча шаар башчысы жергиликтүү балыкчыларга ийгилик алып келүү үчүн крокодилге үйлөнүшү керек. Той болбосо, балыкчылар сезон бою бир да балык кармашпайт, натыйжада бүт конуш тез эле талкаланып, акыры өлөт. Эски ишеним ушундай. Ага эч ким каршы чыгууга батынбайт, ошондуктан жыл сайын крокодилдерге үлпөт көйнөгүн кийгизип, жогорку күчтөрдөн бата жана ийгилик алуу үмүтү менен мэр жаныбарга баш кошот.